Кара-Балтадагы мектептерге 1,5 миң окуу китеби тапшырылды

Билим берүү жайлардын директорлору Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун жетекчиси Виктор Нефедовго ыраазычылык билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору Кара-Балтанын алты мектебине орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери менен жумушчу дептерлерин тапшырды.
Мындай кадам Кыргызстандын мектептерин адабият менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн алкагында жасалган.

"№ 3, 5, 6, 8 орто мектептерине, "Наристе" христиан мектебине жана Степнинская орто мектебине 1 500гө чукул окуу китеби берилди", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жайлардын директорлору Россиянын илим жана маданият борборунун Бишкектеги жетекчиси Виктор Нефедовго ыраазычылык билдиришкен.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Радио
Зафер Динчер: Кыргызстандын кооздугун көрсөтө турган китеп чыгарганы турабыз