Организмди рак клеткаларынын жайылуусунан коргогон жашылча айтылды

Медик капустанын бул түрүн көбүрөөк колдонууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Брокколи коронавирустан кийин адамдын тезирээк калыбына келүүсүнө жардам берип, онкологиялык оорулардын жайылуусуна бөгөт коёт. Бул тууралуу дарыгер Зухра Павлова атайын иликтөөгө таянып кабарлаганын РИА Новости жазды.
Маалым болгондой, капустанын бул түрүнүн курамында сульфорафан заты бар. Ал организмди рак клеткаларынын жайылуусунан коргоп, картаюу процессин жайлатат. Мындан тышкары, бул жашылча вирустук ооруларды алдын алат. Анын ичинде коронавирус дагы бар.
Медик сульфорафан заты түрп менен чамгырда да болорун, бирок бул жашылчаларда аз экенин белгилеген. Адис брокколини күнүмдүк тамактануу рационуна кошууну сунуштаган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Гастроэнтеролог кофени эки азык менен аралаштыруу кооптуу экенин айтты