БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы оңдоо иштерин жандантканына байланыштуу кээ бир көчөлөр толугу менен же жарым-жартылай жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.
Жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо Кытай грантынын эсебинен каржыланууда. Мэриянын маалыматы боюнча, көпчүлүк көчөлөрдү оңдоо иши былтыртан бери уланып келе жатат.
30-марттан тарта жабылган көчөлөрдүн тизмеси:
Гидростроитель көчөсү, Курманжан датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин оңдолуп, Эне-Сай конушундагы Аламүдүн дарыясына көпүрө курулат;
Сухэ-Батор көчөсү, Каралаев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин (көпүрө куруу дагы каралган);
Карасаев көчөсү, Юнусалиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;
Кривоносов көчөсү;
Маликов көчөсү, Гагаринден Лев Толстойго чейин;
Тимур Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;
Манас көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;
Месарош көчөсү, Дэн Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейин;
Эр-Тайлак көчөсү, Арча-Бешик көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин;
Жантөшев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин;
Жайыл баатыр көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (Арча-Бешик жаңы конушу);
Өмүр көчөсү, Алыкулов көчөсүнөн Тагай бий жолуна чейин;
Жунусалиев көчөсү, Гагаринден Ахунбаевге чейин;
Курултай көчөсү, Магистральныйдан Ынтымак конушундагы Кожомкул көчөсүнө чейин;
Садыбакасов көчөсү;
Бектенов көчөсү, Карасаевден Горькийге чейин;
Шералиев көчөсү, Жайыл баатырдан Арча-Бешик конушундагы Ахунбаевге чейин.
Мэрия айдоочуларга альтернативдүү жолдорду тандап алууну сунуштайт.