Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский: Украина Крым менен Донбассты кайтаруу аракетинен баш тартууда

Россия Украинанын Евробиримдикке киришине каршы эместигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Киев аскердик жол менен Крым жана Донбассты кайтарып алуу аракетинен баш тартып жатат. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы, россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский билдирди.
Бүгүн, 29-мартта, Түркиянын Стамбул шаарында Россия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү өттү.
Мединский төмөнкүлөрдү айтты:
Украина аскердик биримдикке кирүүдөн, чет өлкөлүк аскер базаларын, контингенттерин жайгаштыруудан, кепилдик-мамлекеттердин макулдугусуз Украинанын аймагында машыгуу өткөрүүдөн баш тартууда. Бул мамлекеттерге Россия дагы кирет;
Украинанын коопсуздук кепилдиги боюнча сунушу Крым жана Донбасстын аймагына жайылтылбайт;
Россия Украинанын Евробиримдикке киришине каршы эмес.
РИА Новостинин маалыматы боюнча, учурда россиялык делегация Стамбулдан Москвага кайтып жатат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Киев менен Черниговдогу аскердик аракеттерин азайтат