Сосновкада жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди

Ош — Бишкек жолуна чыккан айдоочуларга негизги төрт талап коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" постунда аба ырайынын бузулушунан улам оор жүк ташуучу автоунаалардын катташына убакытлуу чектөө киргизилди. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты.
Чектөө Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында аба ырайы жакшырмайын алынбай тургандыгы айтылды.
Аталган ашууларда учурда кар борошолоп жаап, жол жакшы көрүнбөй, айдоочуларга кыйынчылык жаратып жаткандыгы кабарланды. Мында улам атайын техника жеринде ишке чыгып, транспорттун коопсуз жүрүшү үчүн жолго керек болгон инерттүү материалдар себилип жатат.
Башкармалык айдоочуларга тайгакта дөңгөлөккө байлап ала турган чынжыр менен жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыгып кетпөөнү жана жайкы дөңгөлөк менен сапарга чыкпоону катуу эскертүүдө. Андан сырткары, кыймыл учурунда автоунаалардын 500 метрлик аралыгын сактоо башкы талап катары айтылды.
Радио
ӨКМ альпинисттердин коопсуздугу үчүн "Эдельвейс" аттуу куткаруучулар командасын түздү