Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия Киев менен Черниговдогу аскердик аракеттерин азайтат

Россиянын аскердик ведомствосу Украинанын эки шаарындагы атайын операцияны азайтуу чечимин кабыл алды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Киев менен Чернигов шаарларындагы аскердик аракеттерин кескин азайтууну чечти. Бул тууралуу РФ коргоо министринин орун басары Александр Фомин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украинанын бейтараптуулугу, өзөктүк эмес статусу жана Украинага коопсуздук кепилдигин берүү жөнүндөгү келишимдерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр иш жүзүнө ашканы турат. Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында РФ коргоо министри Киев менен Чернигов шаарларындагы аскердик аракеттерди кескин кыскартуу чечимин кабыл алды", — деди Фомин журналисттерге.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Стамбулдагы Россия — Украина сүйлөшүүсүнүн биринчи күнү бүттү