Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Мындай аба ырайы бүчүр байлаган жана гүл ачкан мөмөлүү дарактарга коркунуч алып келиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. 30-мартта түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын айрым аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 30-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3 градус, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4 градуска чейин муздап, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы бүчүр байлаган жана гүл ачкан мөмөлүү дарактарга коркунуч алып келет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Күн ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы