Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР башчысы Россиянын курамына кирүү маселесин карай турганын билдирди

Путин 21-февралда ДЭРдин көз карандысыздыгын таануу жарлыгына кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин өлкөнүн бардык аймагын бошоткондон кийин Россиянын курамына кирүү маселесин карай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, февраль айынын орто ченинде Донбасстагы Донецк жана Луганск республикаларынын жетекчилери Россиядан алардын көз карандысыздыгын таанууну суранган. Президент Владимир Путин 21-февралда аларды таануу жарлыгына кол койгон.
Андан үч күндөн кийин Россия Украинага аскердик операциясын баштаган. Путин анын максатын “киевдик режимден улам сегиз жылдан бери мазактоого, геноцидге кабылган адамдарды коргоо” деп атаган. Ал үчүн Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо жүргүзүүнү пландаганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Украина Крым менен Донбассты кайтаруу аракетинен баш тартууда