Бишкекте айдоочу аялдамада тургандарды сүзүп кетти. Эне-бала жабыркады

Жол кырсыгы бүгүн, 29-мартта, саат 10:00дөр чамасында Чыгыш-5 кичи районунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте Audi үлгүсүндөгү автоунаа аялдамада тургандарды сүзүп, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 29-мартта, саат 10:00дөр чамасында Чыгыш-5 кичи районунда болгон.
"Audi үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Чүй проспекти менен күн чыгышты көздөй бара жатып Чыгыш-5 кичи районуна келгенде машинасын башкара албай, аялдамада турган үч кишини сүзгөн. Кырсыктан эне-бала жана дагы бир киши жабыркаган", — деди Байказы уулу.
Ал жерине Тез жардам кызматы чакырылганын айтып, учурда укук коргоо кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Евро менен доллардын курсу эмнеге түшүп кетти. Улуттук банктын жообу