Путин газ акысын рубль менен төлөөнү 31-мартка чейин жөнгө салууну тапшырды

23-мартта Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнө газ үчүн төлөмдөр рублга которуларын жарыялап, Борбордук банк менен өкмөткө мындай транзакциялардын тартибин аныктоону тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 31-мартка чейин өкмөттөн, Борбордук банктан жана "Газпром" ишканасынан Батышка газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө валютаны алмаштыруу боюнча көрсөтмөнүн аткарылышы боюнча отчёт күтөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Өкмөт Россиянын Банкы жана "Газпром" менен бирдикте Европа биримдигинин өлкөлөрүнө жана Россиянын жарандарына карата чектөө чараларын киргизген башка мамлекеттерге жаратылыш газын берүү үчүн төлөмдөрдүн валютасын өзгөртүү боюнча чараларды көрүшү керек. Анын аткарылышы боюнча ай сайын отчёт берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Украинада атайын операция башталып, Батыштын санкциялары катаалдангандан кийин Европада Россиянын энергетикалык ресурстарына көз карандылыкты азайтуу чакырыктары күчөдү.
Вице-премьер-министр Александр Новак белгилегендей, Европанын россиялык энергия булактарынан баш тартуусу боюнча сөз башталары менен рынокко терс таасир этти. Анын айтымында, Россиянын газынан баш тарткан учурда айрым өлкөлөр бир топ кыйынчылыкка туш болот.
23-мартта Путин Батыш өлкөлөрүнө газ үчүн төлөмдөр рублга которуларын жарыялап, Борбордук банк менен өкмөткө мындай транзакциялардын тартибин аныктоону тапшырган. Ошол эле учурда ал Россия өзүнүн аброюн жогору койгондуктан, буга чейин түзүлгөн келишимдерди ошол бойдон так аткарарын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия дүйнө келечеги үчүн Батыш менен кармашка түштү. Ой толгоо