БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Америкалык актёр Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде жубайына болушуп алып баруучуну бетке бир койду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Окуя мындайча болду: алып баруучу Крис Рок сахнада сүйлөп жатып, Уилл Смиттин жубайы Жейданы тамашалады. Ал "Жейда, мен сени жакшы көрөм. Жакында "Солдат Жейн 2" тасмасынан көрүп калам деп ишенем" деди. Эске салсак, "Солдат Жейн" фильминде актриса Деми Мурдун каарманы чачы кырылган аял болот. Ал эми Смиттин жубайы жакында эле чачы түшүп, азыр дарыланып жатканын айтып даттанган эле.
Видеодо көрүнүп тургандай, актёр сахнага чыгып барып, кесиптешин бетке бир коёт дагы ордуна келип жубайынын жанына отурат.
Баса, АКШда "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда Уилл Смит "Король Ричард" тасмасындагы ролу үчүн "Эркектин мыкты ролу" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына татыды.