Нефролог: түндө ойгонуу бөйрөк оорусунан кабар бериши мүмкүн

Дарыгердин айтымында, түндө ажатканага мынча жолу баруу керек деген түшүнүк жок. Бирок заара чыгаруу оору менен коштолсо инфекция бар экенин билдириши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Түндө ойгонуу бөйрөктүн иштешинин бузулушунан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Москва шаардык Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы нефрологу Олег Котенко айтып берди.
"Ажатканага түндө мынча жолу баруу керек деген түшүнүк жок. Бирок түндө туруу бөйрөктө көйгөй бар экенинен кабар берет. Эгерде бат-баттан ажатканага баргыңыз келип, бул оору менен коштолсо, заара чыгаруу жолдорунда инфекциянын бар-жогун текшертүү керек", — деди Котенко.
Ошол эле учурда дарыгер ажатканага баргысы келгендер чыдап жүрө бербеши керектигин, болбосо заарадагы инфекция бөйрөккө тарап, пиелонефрит оорусу жаралышы мүмкүндүгүн эскертти.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Бөйрөгү ооруган адамдар кандай тамактанышы керек? Диетологдун кеңеши