БИШКЕК, 28-мар — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Нидерланддагы дүйнө чемпионатынан эки алтын, эки күмүш жана тогуз коло медаль утту. Бул тууралуу Уруш өнөрү боюнча глобалдык ассоциациянын (GAMMA) КРдеги федерациясы кабарлады.
Дүйнө чемпионаты 22-28-март күндөрү Амстердамда өттү. Ага 40 мамлекеттин спортчулары катышкан.
Өлкө атынан жалпы 15 мушкер катышып, 13ү ийгилик жаратты. Федерация бул спортчулар Азиянын жана Кыргызстандын чемпионатынын, ошондой эле эл аралык мелдештердин байге ээлери экенин белгилеген.
ММА боюнча дүйнө чемпионатына 40 мамлекеттин спортчулары катышкан.
Муртазали Магомедов — алтын;
Ильер Бахтияр уулу — алтын;
Махабат Орозбекова — күмүш;
Дастан Сулайманов — күмүш;
Чагатай Туратбеков — коло;
Акбар Бактыбек уулу — коло;
Адис Таалайбек уулу — коло;
Арген Маратбек уулу — коло;
Эсентур Касиев — коло;
Бегайым Акбалаева — коло;
Айназик Рустамбек кызы — коло;
Александр Кононенко — коло;
Айтегин Айбеков — коло.
Курама команданы федерация президенти Бабур Төлбаев, машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу, башкы катчы жана машыктыруучу Абасбек Доромбаев коштоп барган.