БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 29-мартта Наманган шаарында Тажикстандын тайпасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Оюн Navruz Cup 2022 эл аралык турниринин алкагында өтөт. Буга чейин 25-мартта кыргызстандыктар Өзбекстандын спортчулары менен ойноп, 1:3 эсеби менен утулуп калышкан. Жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген.
Ушул эле күнү Уганда менен Тажикстан курамалары беттешип, оюн 1:1 эсеби менен аяктаган. Буга байланыштуу пенальти уюштурулуп Африка континентинин өлкөсү 5:4 эсебинде жеңүүчү болгон.
29-мартта Уганда Өзбекстан менен беттешмекчи.
Кыргызстандын улуттук курама командасы кечээ Өзбекстандын "Динамо" спорт комплексинде мелдештен кийинки машыгууларды өткөргөн.