Салык кызматы түн ортосуна чейин иштей баштады. Себеби

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек. 1-апрелде салык декларацияны тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Салык кызматы салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлады.
"Салык органдары жеке жактарга жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өттү. 28-марттан 31-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар аны 18.00дөн кийин тапшыра алат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек. 1-апрелде салык декларацияны тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;
салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери;
юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.
1-апрелден тарта жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашкан ишкерлер эсеп-фактураны колдонот