Радио

Наралиева: КММА эпидемиолог, инфекционист, микробиологдорду окутууга басым жасоодо

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Сапаргүл Наралиева учурда академия эпидемиолог, инфекционист, микробиологдорду окутууга басым жасап жатканын айтты.
Sputnik
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы заманбап медицинада болуп жаткан өзгөрүү, ачылыштарга жооп берет. Учурда пластикалык хирургия, стоматология, фармация, акушер-гинеколог адистигинде окуган студент көп. Коронавирус пандемиясынан кийин эпидемиолог, инфекционист, микробиологдордун жетишсиздиги байкалды. Ошондон улам азыркы мезгилде аталган адистиктеги дарыгерлердин санын көбөйтүү иштери колго алынды. Бул тууралуу Сапаргүл Наралиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында учурда 8 160 студент окуйт.
"КММАда хирургиялык стоматология жана имплантология, пластикалык реконструктивдик хирургия деген эки жаңы кафедра ачылды. Анда 13 кызматкерден турган профессор-педагогдор иштеп жатат. Академияда учурда 8 160 студент билим алууда. Кадрларды мезгилдин талабына жараша даярдоо үчүн окуу жай 2021-2030-жылдардагы өнүгүү стратегиясын кабыл алган. Анда окутууга жаңы технологияларды киргизүү, инновациялык инфраструктураны башкаруу системасын түзүү, илим изилдөөгө артыкчылык берүү каралган. Ага ылайык, академия бардык окуу корпустарын, студенттердин жатаканасын оңдоп-түздөп, окутуу изилдөөнү жакшыртуу максатында аудиторияларды жаңы техникалар менен камсыздады. Мындан тышкары, жаңы окуу корпустарын, клиникаларды жана 500 орундуу конференц-зал курду. Учурда клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди баалоо борбору салынып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин №191 буйругуна ылайык, республикалык дартты аныктоо борбору КММАнын балансына өткөрүлдү", — деди Наралиева.
Ал КММАда 29 мамлекеттен келген 2 236 чет өлкөлүк студенттер англис тилиндеги дарылоо иши факультетинде билим аларын кошумчалады.