Радио

Мүсүралиев: Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Кубаныч Мүсүралиев Кыргызстанда 31-марттан 7-апрелге чейин Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөрүн айтты.
Sputnik
Жаштардын каржылык жактан билим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү, акчаны туура жана сарамжалдуу колдоно билүү маданиятына үйрөтүү максатында Дүйнөлүк акча жумалыгы жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул тууралуу Кубаныч Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банк мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана финансы секторунун өкүлдөрү менен мектеп, жогорку окуу жайларында атайын программаларды даярдап, маалымат менен бөлүшөт.
"Кыргызстанда 31-марттан 7-апрелге чейин Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт. Бул иш-чара 2015-жылдан бери өлкөдө уюштурулуп, анын көрсөткүчтөрү калк арасында жакшы жыйынтык берип жатат. Өзгөчө мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери арасында каржылык сабатсыздыкты жоюуга багытталган аракеттер көрүлүүдө. Албетте, мамлекет тарабынан да чоң колдоо керек. Бүгүнкү күндө мектептерде Адам жана коом сабагында да финансылык сабаттуулук боюнча темалар камтылган. Мугалимдер да бул багытта окутуудан өткөрүлүүдө. Үй-бүлө бюджетин туура бөлүштүрүү, тапкан акчанын жок дегенде 10 пайызын сактап коюу сыяктуу адатты турмушка кошуу керек. Мында ата-эненин финансылык билими абдан маанилүү орунда. Акыркы учурда жаштар арасында каржылык билимин жогорулаткысы келгендер көбөйүп калды", — деди Мүсүралиев.
Ошондой эле адис чоңдор үчүн республика боюнча финансылык сабаттуулукту жакшыртуу тренингдери өтүп, региондорго көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.