Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дүйнө барымтадагы россиялык аскерлердин кыйноого кабылганын сындап жатат

Россиянын Тергөө комитетинин жетекчиси далил материалдарды топтоп, кылмышка тиешеси барларды аныктоо тапшырмасын берди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Дүйнө мыкаачылык кыйноого кабылган барымтадагы россиялык аскерлердин видеосун талкуулап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Sputnik агенттиги этикалык түшүнүктөргө байланыштуу аталган видеону жарыялай албайт. Кадрга барымтадагы россиялык жоокерлерди бутка атышканы, кээ бирлери эс учун жоготсо, кээ бирлери камера алдында өлгөнү тартылган. Маалыматка караганда, окуя Харьковдун четиндеги нацисттердин базасынын биринде болгон.
Кытайлык соцтармактарда Украинанын куралдуу күчтөрү Нанкиндеги япондуктардай эле аракеттерге барып жатканын жазышууда. Bild басылмасынын журналисттери (Германия) дагы жүрөк үшүн алган кадрларды көрсөтүп, аскердик кылмыш катары баалап жатышат. Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрү видеону фейк деди.
Россиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастыркин далил материалдарды топтоп, кылмышка тиешеси барлардын бардыгын аныктоо тапшырмасын берди.
"Аллигатордун" артыкчылыгы. Россиялык Ка-52 тик учактарына мүнөздөмө