Бишкектеги Нооруздан Кытайда кулаган учакка чейин. Апта ирмеми

Кыргызстанга ӨКМ жана Чек ара кызматтары үчүн кубаттуу техникаларды ташып келишти, Түштүк Кореянын экс-президентине бөтөлкө ыргытышты, Жаңы Орлеанды торнадо каптады. Sputnik дүйнө боюнча өткөн жумадагы маанилүү деген окуялардын сүрөтүн окурмандарга сунуш кылат.
Sputnik
1 / 15

Нооруз майрамына карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында болгон концерттик программа. Ага театр менен жергиликтүү эстрада жылдыздары катышты.

2 / 15

Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын жетекчиси Ху Чжэньцзя жүрөк үшүткөн маалыматты билдирди. "Кырсыктаган Boeing 737 учагынын ичиндегилердин баарын курман болду деп эсептейбиз", — деди ал. Адистер борттогу 120 адамдын ДНКсын изилдеп, тактап чыгышкан.

3 / 15

Бишкекте Россияны колдогон митинг өттү. Ал Максим Горький атындагы паркта болуп, аны чакан концерт коштоду.

4 / 15

Мариуполдун жашоочуларына Россиянын гуманитардык жардам таратып берген учурунан бир көрүнүш

5 / 15

УКМКнын Чек ара кызматы менен ӨКМге жаңы техникаларды тапшыруу учуру. Бюджеттин каражатына россиялык өндүрүштөн чыккан 55 "Тигр" сатып алынды.

6 / 15

Президент Садыр Жапаров аскердик техникаларды тапшыруу аземинен кийин ок өтпөс "Тигр" автоунаасын айдап, сынап көрдү

7 / 15

Тэгу шаарында белгисиз бирөө Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хени көздөй айнек бөтөлкө ыргыткан

8 / 15

Президент Садыр Жапаров эл каттоочуларды үйүндө кабыл алды. Каттоочу мобилдик тиркеменин жардамы менен Жапаровдун үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алган. Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Эл каттоого убактылуу 28 миң кызматкер (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылган.

9 / 15

Киевдеги капталы түшүп калган, талкаланган үйдүн көрүнүшү

10 / 15

Бишкекте марттын кары жаады. Синоптиктердин айтымында, Кыргызстанда айдын аягына чейин күндүн көзү улам бузулуп турат.

11 / 15

Жеткирип берүү кызматында иштеген аял коронавирустан улам Шанхайдагы тосулган аймактын жашоочусуна тамагын берип жатат

12 / 15

Ультраортодоксалдык еврейлер Тель-Авивден алыс эмес жерде маркумду акыркы жайына узатуу учурунда

13 / 15

Жаңы Орлеанды (Луизиана, АКШ) каптаган торнадонун кесепети

14 / 15

Киевдин чет жакасына снаряд түшүп, күйүп жаткан кампанын жанында кетип бара жаткан киши

15 / 15

27-мартта Кара-Балта шаарында Кыргызстанда туулуп-өсүп, Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү тарыхый мекенинде жерге берилди. Жоокердин сөөгүн Кыргызстанга 26-мартта эртең менен алып келишкен.

Тема боюнча:
Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин тажиясынан сүрөттөр
Чачы жер чийген кыз, таш бака издеген кемпир... Дүйнөлүк сынактагы сүрөттөр
Чимириле бийлеген кыздар, майрам, шаң... Бишкектеги Нооруз майрамынан сүрөттөр