Тоңдо маданият үйүн курууда мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

Облустун өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын кызматкерлери өз пайдасы үчүн подрядчылар менен сүйлөшүп алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын кызмат адамдары мамлекетке 2 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.
"Текшерүүдө Тоң районуна караштуу Төрт-Гүл айылындагы 200 орундуу маданият үйүнүн имаратын курууда дирекциянын кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды көздөп, подрядчылар менен сүйлөшүп алышкан. Натыйжада актыга жасалмаланган маалыматтарды жана аткарылбаган жумуштарды киргизишкен", — деп жазылган маалыматта.
Анын кесепетинен мамлекетке 2 миллион 101 миң 192 сом өлчөмүндө зыян келген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Бакай-Атада менчикке берилип кеткен 7 млн. сомдук жер тилке кайтарылды