Бакыт Төрөбаевдин Акылбек Жапаровго орун басар болору расмий тастыкталды

Эки жарлыкка тең президент Садыр Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ал энергетика жана өнөр жай тармагын тескеген Азиз Аалиевдин ордуна бара жатат. Аалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Төрөбаевди дайындоого макулдук алуу үчүн анын талапкерлигин министрлер кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
Эки жарлыкка тең президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын лидери болуп турган.
Азиз Аалиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп 2021-жылдын октябрь айынан бери иштеп келген. Ал Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун жетекчилигине барары айтылууда.
Бишкекке жаңы вице-мэр жана эки аким дайындалды