Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин тажиясынан сүрөттөр

Бүгүн Кара-Балта шаарында Кыргызстанда туулуп-өсүп, Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди. Sputnik Кыргызстан аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасында тартылган кадрларды сунуштайт.
Sputnik
1 / 11

Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди

2 / 11

Ал Украинада аскердик милдетин өтөп жатып баатырларча курман болду

3 / 11

Сержанттын сөөгү 26-мартта тарыхый мекенине жеткирилди

4 / 11

Зарифулин кызмат өтөгөн бөлүктүн офицери Рустамга ок тийгенин айтты

5 / 11

Маркумдун атасынын айтымында, ал окуучу кезинде бокс боюнча машыктыруучу Александр Ветровдон сабак алган

6 / 11

Зарифулин 18 жашында Россиянын жарандыгын алып, өзүнүн өтүнүчү менен аскерге чакырылган. Кийин офицер болуу үчүн ЖОЖго тапшырган.

7 / 11

Сержант 24-март күнү курман болду

8 / 11

Кечээ, 26-март күнү, ал 26 жашка толмок

9 / 11

Зарифулин өлгөндөн кийин Эрдик ордени менен сыйланды

10 / 11

Бөлүктө аны жоопкерчилиги жана командирлик сапаттары үчүн сыйлашчу

11 / 11

Рустамды акыркы сапарга узатууга Кыргызстан менен Россиянын аскерлери келди