Мадридде митингге чыккандар ишсиз калганына тынчсызданууда. Алар күйүүчү майдан сырткары азык-түлүктүн кымбатташына да нааразы болушууда.
Испанияда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы жума күнү 1,832 евро болчу. Ал эми дизель майы 1,87 еврого бааланып жаткан.
Россиянын Украинадагы атайын операциясынан кийин АКШ президенти Жозеф Байден Россиядан келген күйүүчү майды импорттоого тыюу салган. Ошондон баштап анын баасы тездик менен өскөн.
Буга чейин РФ вице-премьери Александр Новак Европа Россиянын газын азыр да, жакынкы беш жылда да эч нерсе менен алмаштыра албай турганын айткан.
Европалык шаарда жума күнү болгон ири акциянын видеосун көрүңүз.