БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өлкө башчысы Жо Байденди Украинадагы кырдаалга жана инфляцияга күнөөлүү деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"АКШ тарыхындагы эң начар иштеген беш президентти алалы. Аларды чогуу отургузуп койсок дагы Байден 15 айдын ичинде келтирген зыянды келтире алышпайт. Бир жылдын ичинде ал "Америка кыялын" өлтүрүп салды. Эгер бийликте уйкусураган иттин баласы эмес, мен отурсам, Украинадагы кырдаал азыркыдай болбойт болчу. Демократтар экономика, инфляция боюнча күчтүү эмес, Украина окуясы боюнча дагы күнөөлүү", — деди Трамп.
Ал Украинадагы кырдаал менен АКШнын аскерлеринин Афганистандан ийгиликсиз чыгып кетишин байланыштырды.
"Менимче, Путин карап туруп, "оо кудай, булар компетентсиз адамдар экен" деп ойлоду болушу керек. Американын НАТО менен мамилесинде дагы көйгөй бар. Алар АКШ өкмөтүнө ишенишпейт. Байдендин учурунда инфляция рекорддук көрсөткүчкө жетип, бензиндин баасы асман чапчыды", — деди экс-президент.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Тилекке каршы, эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.