Радио

Болгонбаев: Чүй облустук театры имаратка муктаж

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын директору, КРдин эл артисти Азамат Болгонбаев 30 жылдык тарыхы бар театр имаратка муктаж экендигин айтты.
Sputnik
Чүй облустук театры Сокулук районунда жайгашкан Военно-Антоновка айылындагы маданий борбордун имаратын алат. Тиешелүү документтери такталса, өкмөт аны театрга өткөрүп берет. Бул тууралуу Азамат Болгонбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Чүй облустук театры түптөлгөндөн бери 50дөн ашык спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады.
"Чүй облустук театры имаратка муктаж. Бул маселени чечүү үчүн абдан көп аракет болгону менен ишке ашпай келет. Военно-Антоновка айылында жайгашкан чоң маданий борбор бар. Аны союз учурунда колунда бар колхоздор башка маданий үйлөрдөн чоңураак кылып салышкан экен. Ал имарат "Рассвет" деген мурдагы совхозго тийиштүү болгон. Кооператив болгондуктан СССР тарагандан кийин анын ээлиги ошол кооперативдин мүчөлөрүнө таандык болуп калган. Тиешеси бар адамдар менен сүйлөшүп, сатуу укугу менен өткөрүп берүүгө макулдугун беришкен. Демек, имараттын ээси өкмөткө сатууга даяр. Ал жердин баасы көз карандысыз компания тарабынан аныкталса, аны биз өкмөткө сунуш кылабыз", — деди Болгонбаев.
Ошондой эле адис Чүй облустук театрынын 30 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде май айында белгиленерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 1961-жылы Венада өткөн ЮНЕСКОнун Эл аралык театр институтунун IX конгрессинде 27-мартты эл аралык театр күнү катары белгилөө бекитилген.