Адегенде АКШ ушул нерсени көздөгөнүн Жозеф Байден Европага аттанардан оболу улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан жар салды. "G20 боюнча муну гана айтайын: Россия эми эл аралык институт жана коомчулукта мурдагыдай иш жүргүзө албайт", — деп билдирди Салливан. Ошону менен бирге эле Вашингтон бул маселени азырынча караштырып, "мындан ары кандайдыр билдирүү жасаардан мурда" союздаштары менен кеңешерин да тактаган. Серепчи Петр Акоповдун ушул маселе тегерегиндеги макаласын РИА Новости жарыялаган.
Европа биримдиги жана "Чоң жетинин" саммиттерине катышуу үчүн Брюсселге барган Байден "Чоң жыйырмалык" Россияны чыгарууну сунуштады. Аталган клубдан эч кимди чыгарууга болбойт. Америкалык президенттин администрациясы реалдуулуктан таптакыр алыс экенин дал ушул сунуш айгинелеп турат.
Ички дүң өндүрүм көлөмү боюнча дүйнөнүн 20 ири мамлекети жылына бир ирет чогулуп, дүйнөлүк экономиканын ар кыл көйгөйлөрү талкууланат. Анткен менен саясий маселелер да, негизинен көшөгө артында жана эки тараптуу жолугушууларда талкууланбай койбойт. Ооба, "Чоң жыйырмалык" формалдуу түрдө "Чоң жетиликтен", башкача айтканда, Батыштын алдынкы өлкөлөрү жана Россиянын катышуусундагы бирикмеден өсүп чыккан. 2014-жылы ал "Чоң жетилик" болуп калган. Бирок ал убакта өз алдынча жана башкы дүйнөлүк клубга айланып калган.
"Чоң жыйырмалыктын" жогорку деңгээлдеги жолугушуулары 2008-жылы, тагыраагы, дүйнөлүк каатчылык Батыш тарабынан түзүлгөн глобалдык каржылык тутумдун зыяндуулугун жана анын дүйнөлүк экономикага бүлгүнгө алып барчу таасирин тастыктаган кезден кийин башталган. Маңызында дал ошол тушта эле Батыштын үстөмдүк доору аяктаган. Болгону англосактардын өздөрү дүйнөлүк экономиканы куткаруу үчүн үлкөн өлкөлөрдү чогуу аракеттенүүгө чакырууга мажбур болгон.
"Чоң жыйырмалык" Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктүн башын кошуп, жалпы жол издөө гана эмес, бири-бири менен баарлашып алууга да мүмкүндүк берет. Бул экинчи мүмкүнчүлүк биринчисине караганда маанилүү болуп барат, себеби англосактардын ааламдашуу модели (каржылык тутум да анын бир бөлүгү) ийгиликсиз экени жыл өткөн сайын даана билине баштаган.
Коронавирус пандемиясы үзгүлтүккө учуратпаганда дүйнөлүк лидерлер жок дегенде жылына бир ирет чогулууга шылтоосу болгон. Акыркы жолу "Чоң жыйырмалык" 2019-жылдын июнунда Япониянын Осака шаарында кезиккен. Кийинки эки жыл бою видеоформатта уюштурулуп, өттү деген гана формалдуулук болгон. Ал эми быйыл октябрда аталган дүйнөлүк клуб Балиде бетме-бет жолугат.
Негизи бул саммит жылдын маанилүү жолугушуусу болмокчу, себеби үч жылдан бери лидерлер дидарлаша элек, ал эми дүйнө олуттуу түрдө өзгөрө түштү. Аталган индонезиялык аралда мурда да ири эл аралык иш-чара, атап айтканда, башкалар менен катары курамында Кытай, Россия жана АКШ да бар Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын саммити өткөн. Баса, ошол 2013-жылы саммит 7-октябрга туш келип, Владимир Путинди туулган күнү менен таңда Си Цзиньпин баш болгон лидерлер куттукташкан. Ошондон бир ай мурун эле Путин меймандарды өзү кабыл алып, "Чоң жыйырмалыктын" жыйыны Петербургда өткөн. Коноктордун арасында Си дагы, Обама да болгон.
Сирия сымал дүйнөлүк олуттуу окуялардын катарында Россияга качып келген Эдвард Сноуденге 2013-жылдын жайында башпаанек берилгени да абдан маанилүү эле. Америка бийлиги Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкерин өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Дал ошондо АКШ менен Россиянын алаксына чоң доо кеткен. Украинадагы Майдан өңдүү андан кийинки окуялар Вашингтондун Путиндин 2013-жылдагы кадамына карата реакциясынын гана натыйжалары эле.
2014-жылы "Чоң жыйырмалык" австралиялык Брисбенге чогулган. Ошол жылы ноябрда Кошмо Штаттар саммитте Путинди бөлүп салууну уюштурууга аракет кылышкан. Бирок ойлогондору оңунан чыккан эмес, себеби РФ президенти ал иш-чарадан эрте кетип калган.
"Чоң жыйырмалыктын" түптөлүшү атлантикалык ийгиликсиз долбоорлордун символу болуп калган. Саммитте кайсы мамлекеттер Россиянын чыгарылышын колдошу мүмкүн? "Чоң жыйырмалык" батыш дүйнөсү жана ага кирбегендер бөлүп дал экиге бөлүнөт.
Батышка АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, Канада, Австралия, Япония, Түштүк Корея жана Европа биримдиги (бул да клубга кирет) кирсе, "Чоң жыйырмалыктын" экинчи бөлүгүнө Кытай, Россия, Индия, мусулман өлкөлөрүнөн Сауд Аравиясы, Түркия, Индонезия, латинамерикалык Мексика, Аргентина жана Бразилия, ошондой эле Түштүк Африка Республикасы кирет.
Дал ушул экинчи бөлүгү Батыштын Россияны жазалап жана дүйнөлүк экономикадан сүрүп чыгуу аракеттерине кошулган жок. Анткени алар дүйнөлүк тартипти кайра орнотууда Россия лидер экенин, эгер ага бул иште жардам берилбесе, эртең эле Батыш дүйнөлүк түзүлүштүн өзгөрүшүн жактаган башка өлкөлөрдөн өчүн аларын түшүнүшөт. Бул бөлүктөгүлөрдүн эч кимиси Россияны обочолонтуу боюнча Кошмо Штаттардын жетегинде калгысы келбейт. Тескерисинче, алар Батыш өз кадамдары менен дүйнөлүк экономикага кандай чоң зыян келтирип жатканын көрүп турушат.
Анан да батыш лагеринин өзүндө баары жайында дешке болбойт. Эгер англосактар, тагыраагы, Канада, Австралия АКШ менен Улуу Британиянын тилин алып, ээрчийт дейли, бирок башкаларда деле абал дурус эмес. Континенталдык европалык державалар (Германия, Франция жана Италия) ушул тапта Кошмо Штаттардан геосаясий жактан абдан көз карандылыкка батып тургандыктан, англосактардын Европа менен Россиянын ортосуна биротоло темир көшөгө тартуу аракетине болушунча каршылык көрсөтөрү турулуу иш. Япония менен Түштүк Корея деле Россиядан обочолонууну анчалык каалашпайт, анткени америкалыктардан көз карандылык түбөлүккө созулбай турганын билишет.
Булардын баарын түшүнүп туруп, эмнеге анда Кошмо Штаттар "Чоң жыйырмалыктан" Россияны чыгарууну сунуштоодо? Россияны жазалоо үчүн эч нерсеге карабастыгын далилдеш үчүнбү? Россияга каршы реалдуу санкциялар эбак түгөнгөнүн түшүнүп, теманы башка нукка – кызуу талкуу жарата турган сунушка буруу үчүнбү? Чындыгында АКШ клубдан Россияны чыгарып сала аларына бекем ишенет. Мындай кадамдары Вашингтон дүйнөдө болуп жаткан окуяларды анчейин түшүнбөстүгүн, реалдуулукта эми эч нерсеге таасир эте албастыгын өзү түшүнбөгөнүн ырастайт.
"Чоң жыйырмалык" — бул болгону болочоктогу көп полярдык дүйнөнүн элеси. Ал АСЕАН өңдүү аймактык интеграциялык бирикмелердин ролу менен мындан да татаал түзүлүп, атлантисттердин эрки жана таасиринен көз каранды болбой турганы анык. Болгону алардын оюндагы дүйнөдө гана Россияны "чыгара алышат". Реалдуу дүйнөдө андай ар бир аракет өз позициясын чабалдатып, таасирин азайтат.
Англосактардын да, алардын жигердүү тарапташтарынын да тар ой жүгүрткөнү ар кандай шек жаратат. Маселен, Польша "Чоң жыйырмалыкта" Россиянын ордун ээлөөнү сунуштоого үлгүрдү. Бирок бул сунуш да Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Украинанын Россиянын ордун ээлөө дымагындай эле таасир калтырат. Англосактар виртуалдык дүйнөдө мындан ары да жашай берүүнү каалашса да бул — алардын өз эрки.
Анткен сайын дүйнөдөгү, Кошмо Штаттардын өзүндөгү реалдуулук менен бет келишүү оор боло берет.