БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстанда рубль валютасы жүгүртүүгө чыгарылат деген таризде айрым интернет басылмаларында жазылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Аталган орган Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, улуттук валюта – сом өлкөнүн бүт аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон, бирден-бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналарын белгиледи.
"17-мартта Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинин отуруму болуп, анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыздоо чаралары көрүлгөн. Өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валюталар менен эсептешүү каралган. Улуттук банк ЖМКларды коомчулукту жаңылыштырган, такталбаган жана чындыкка туура келбеген маалыматтарды жарыялоодон карманууну сунуштайт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле башкы банк "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, интернет мейкиндигинде жалган маалымат таратууга тыюу салынарын эскертти.