БИШКЕК, 26-мар.— Sputnik. Telegram сервисиндеги "Активдүү сеанстар" функциясынын жардамы менен бузуп кирүү фактысын аныктаса болот. Бул тууралуу Каспер лабораториясындагы кибер коопсуздук боюнча эксперт Дмитрий Галов айтканын "Известия" басылмасы жазды.
Бул функцияны "Түзмөк (Устройства )" деген бөлүмдөн тапса болот. Ал ууру сиздин аккаунтка кантип киргенин жазып алат. Эксперт белгисиз же күмөн жараткан жабдууну таап алган учурда сессияны бүтүрүп, эгер сыр сөз бар болсо аны алмаштырууну сунуштаган.
Ошондой эле ал код-пароль коюп алууну же Touch ID, Face ID сканерлеринин жардамы менен аккаунтуна коргонуу туташтырып алууну сунуштаган.
Галовдун айтымында, колдонуучу коопсуздук үчүн сервистин "Жашыруун (Конфиденциальность)" деген бөлүгүнөн эки фактордук аутентификацияны күйгүзүп койгону оң.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.