Маморгандар боюнча чет жакта жалган кабар тараткандар жазаланат. РФтеги жаңы мыйзам

Бул мыйзамды бузгандар эң көп дегенде 15 жылга эркинен ажыратылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин такталбаган маалыматтарды жайылтуу жана чет жакта иштеген мамлекеттик органдардын беделине шек келтиргендер кылмыш жазасына тартыла тургандагы боюнча федералдык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аталган документ укуктук маалымат боюнча расмий интернет порталына жарыяланмакчы.
Бул мыйзамды бузгандар эң көп дегенде 15 жылга эркинен ажыратылары айтылды.
Росгвардия, элчилик, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, ӨКМ, прокуратура сыяктуу мекемелер тууралуу фейк маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылары кошумчаланды.
Мурдараак бул сыяктуу документ Россиянын Куралдуу күчтөрү тууралуу жалган маалыматтарды тараткандар боюнча чыккан эле.
Аталган мыйзам жана анда каралган айып пулдар, эркинен ажыратуу мөөнөтү боюнча маалыматты толугу менен бул жерден окусаңыздар болот.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Фейктердин көздөгөнү — кырдаалды курчутуп, бийликке болгон ишенимге доо кетирүү