Бишкек мэриясы 7 объектини ижарага берүү үчүн онлайн-аукцион өткөрөт

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 45-44-14 телефонуна чалып же социалдык тармактагы баракчалар аркылуу кайрылса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти муниципалдык менчикте турган имараттарды ижарага берүү үчүн электрондук аукцион өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Онлайн-тоорук 25-апрелде болот. Анда жети объект бир жылдык мөөнөт менен ижарага берилмекчи. Аукционго катышууну каалагандар жана ишкерлер сайтка кирип, маалымат алса болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 45-44-14 телефонуна чалып же социалдык тармактагы баракчалар аркылуу кайрылса болот.
Мэрия жер реформасынын алкагында жерди, муниципалдык имараттарды электрондук аукцион аркылуу берүү тартиби иштелип чыкканын эске салды. Бул процедураны таза жана акыйкат өткөрүүгө шарт түзүп, шаардын киреше бөлүгү көбөйөт.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Лондондун аукционунда сейрек кездешкен кара бриллиант сатылды. Сүрөт