Таттуу даам берген затты ашыкча колдонуу ракты чакырышы ыктымал

Ден соолукка коркунуч келтирет деген заттардын ичинде ацесульфам-К, аспартам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Таттуу даам чыгарган затты көп колдонгондордун 13 пайызы рактан жапа чегет. Бул тууралуу европалык окумуштуулардын айтымына таянып PLOS Medicine журналы жазды.
Изилдөөнүн авторлору сегиз жыл ичинде 102 865 француздун тамактануусу тууралуу күн сайын жазган күндөлүгүн чогултушкан. Алар, маселен, "аспартам" деген жасалма даам чыгарган зат рактын бардык түрүнө кабылуу тобокелчилигин 15 пайызга, ал эми эмчек рагына кабылуу тобокелчилигин 22 пайызга жогорулатарын аныкташкан. Изилдөө аспартам ДНКны жабыркатып, сезгенүүнү өрчүтөрүн көрсөткөн.
"Ацесульфам-К деген зат ДНКны аспартамдан дагы көбүрөөк жабыркатат", — деп айтылат маалыматта.
Мындай заттардын ичеги-карындын микрофлорасына терс таасирин тийгизери да айтылды.
Радио
Турдубаева: 2021-жылы жатын моюнчасынын рагына кабылган 480 жаңы учур катталды