Баткенде үч прокурор иштен алынды

Прокурорлордун кызматтан бошотулушуна айыл өкмөттөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыз иштер себеп болгондугу, учурда тергөө жүрүп жаткандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жана Сүлүктү шаарынын прокурору Курман Халмурзаев кызматтан алынды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камалдинов тастыктады.
"Үч прокурор кызматтан бүгүн алынды. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү (Лейлек районунда – ред.) жер бөлүштүрүү боюнча иш тергелип жатат, мыйзамдуу чечим кабыл алынышы үчүн алар ээлеген кызматтарынан бошотулду", — деди Камалдинов.
Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков аталган айылдагы жерди бөлүштүрүү мыйзамсыз болуп жатат деген материал даярдаган. Анда бул маселеде бир катар прокурорлордун катыштыгы бардыгын айткан эле. ЖК депутаты Балбак Түлөбаев да ЖКнын отурумунда маселе көтөрүп, жергиликтүү элдин ага кайрылып жаткандыгын билдирген. Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Башкы прокуратуранын ал жердеги өкүлдөрүнө кайрылып, ишти териштирүү зарылдыгын айткан.
Сокулук: ажаткананын ачылышында тасма кескен акимдин орун басары иштен алынды