Шайлообек Атазов депутат болду

Мыйзамда мындай учурда алган добушунун саны боюнча экинчи орунда турган талапкерге мандат берилери каралган. Ал эми экинчи орунда Шайлообек Атазов келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча ЖК депутаты болуп Шайлообек Атазов шайланды. Бул тууралуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

“Эгер буга чейин алдыга чыккан Абдурахманхажи Муртазалиев жалпы добуштардын үчтөн бирин алган болсо, кайра шайлоо жарыяланмак. Бирок андай болгон жок, демек андан кийин келе жаткан Атазовго мандат берилет”, — деп айтылды жыйында.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап, алган добушун жокко чыгарган. Талапкер бул чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Анда Фемида өкүлдөрү Муртазалиевдин арызын канааттандырган эмес. Андан соң ал Жогорку Сотко даттанган. Ал дагы Административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.
Мыйзамда мындай учурда алган добушунун саны боюнча экинчи орунда турган талапкерге мандат берилери каралган. Ал эми экинчи орунда Шайлообек Атазов келе жаткан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды