Садыр Жапаров ок өтпөс "Тигрди" айдап, сынап көрдү. Видео

Ташиев мындай техникалар Россиядан атайын Кыргызстан үчүн чыгарылганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров аскердик техникаларды тапшыруу аземинен кийин ок өтпөс "Тигр" автоунаасын айдап, сынап көрдү.
Видеону мамлекет башчынын маалымат кызматы жарыялады.
Аталган транспорт жеке курамды жана жүк ташууга ылайыкталган. Ичине тогуз киши батат. 100 чакырымга 27 литр күйүүчү май сарптайт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай техникалар Россиядан атайын Кыргызстан үчүн чыгарылганын билдирген. Бүгүн жаңы алып келинген 55 "Тигр" жана 50 даана КамАЗ Чек ара кызматына расмий тапшырылды. Мунун баары республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган.
Жапаров өткөн жылы аскердик техника алууга бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каралып жатканын белгилеген.
Садыр Жапаров: коркунучтарга жооп кайтарууга аскердик техникалардын болушу маанилүү