БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россияга өлүм жазасын кайтарып келүүгө чектөөлөр жок. Албетте, бардыгы тынч болсо, мораторий кала берет. Эгер зарылдык жаралса, бул маселени кайра карап чыгышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
"Бул өтө татаал маселе. Анын адеп-ахлактык, философиялык мааниси бар. Өлүм жазасына ар кимдин көз карашы ар кандай. Россиянын андан баш тартышынын себептеринин бири — Европа кеңешине мүчө болушу эле. Азыр бул конвенция биз үчүн күчүн жоготту. Бирок баары бир дароо чечим кабыл алып коё албайбыз. Талкуулачу нерселер көп. Мисалы, ар кайсы дин өлүм жазасына ар кандай көз карашта. Кайсы гана мамлекет болбосун өлүм жазасы тууралуу талкууга келгенде бул маселеге олуттуу көңүл бурулат", — деди Медведев.
Ошондой эле ал жазанын бул түрүн кайтаруу маселесине келгенде азыр Россия үчүн эл аралык укук эмес, ички кырдаал биринчи орунда болуп жатканын билдирди.
"Бардыгы азыркы криминалдык кырдаалга байланыштуу. Мисалы, өлкөдө абал туруктуу сакталып тура берсе, жаза жаатында эч нерсе өзгөрбөйт. Эгер жогорку жазаны талап кыла турган кылмыштар жасала баштаса, албетте, маселени кайра карап чыгууга туура келет", — деди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.
Маселе эмнеден улам көтөрүлдү?
Бир аз мурда Дмитрий Медведев Россия Европа кеңешинен чыгат деген билдирүү жасаган. Мындан улам ал өтө оор кылмыш жасагандар үчүн өлүм жазасын кайтаруу мүмкүнчүлүгү пайда болорун айткан.
Ал эми Мамлекеттик думанын ЛДПР фракциясынын депутаттары өлүм жазасын кайтаруу боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.
Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев өлүм жазасы боюнча маселе аскердик кылмыштарды иликтеген учурда көтөрүлүшү мүмкүн экенин айткан.
Россияда өлүм жазасына 1997-жылдын 16-апрелинде мораторий жарыяланган.