Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыш Россияга чыныгы гибриддик согуш жарыялады

РФтин ТИМ башчысынын айтымында, Батыш Россиянын экономикасын бүлүндүрүп, өлкөнү талкалап жок кылгысы келет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш РФке чыныгы гибриддик согуш жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу ал Горчаков атындагы коомдук дипломатияны колдоо фондунун жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
"Гитлердик Германия колдонгон бул терминди азыр Европанын көптөгөн саясатчылары Россияга каршы кандайдыр бир кадамдарды таштаар алдында пайдаланып жатышат", — деген ал.
Лавровдун айтымында, алар Россиянын экономикасын бүлүндүрүп, деги эле өлкөнү талкалап жок кылгысы келет.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Тилекке каршы, эки тараптан тең адам курмандыктары бар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден НАТОнун Украинадагы кырдаалга кийлигишүүсүнө жол берди