БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине быйыл бюджеттен 300 миллион сомго элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникаларды жана 2 миллион еврого тик учак алганы турабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ӨКМге өрт өчүрүүчү техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчы Дүйнөлүк банк менен биргеликте 5 миллион доллардан ашык каражатка 58 өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алынганын белгиледи.
"Бул өрт өчүрүүчү автоунаалар өрт кырсыктарына жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарга өз учурунда ыкчам чараларды көрүүгө шарт түзөт. Былтыр дагы бир өнөктөшүбүз, Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника сатып алганбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент мындай заманбап техникалардын алынышы менен мамлекеттин өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү потенциалы бир топ жогорулай турганына ишеним артты.