УКМК: "Керемет Банкка" байланыштуу кылмыш иши токтотулду

Буга чейин 97,45 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү "Керемет Банк" ААКнын активдери мыйзамсыз чыгарылганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Керемет Банк" ААКнын активдерин чыгаруу фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 97,45 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү "Керемет Банк" ААКнын активдери мыйзамсыз чыгарылганы айтылган.
"Аталган банктын тиешелүү кызматкерлери тарабынан 2,3 миллион доллар насыя берилгени, ага күрөө катары баасы жасалма жол менен жогорулатылган мүлк коюлганы аныкталган”, — деп айтылат билдирүүдө.
УКМКдан билдиришкендей, кеп болуп жаткан мүлктүн мыйзамдуу сатуучусу "Карвен Групп" холдингинин кожоюну Герних Балян болгон жана ал банктын мурдагы жетекчилигинин демилгеси менен күрөө коюлганын билдирген.
Кийин ал банк жана насыя алуучу "Риола" компаниясы менен келишим түзүп, мүлктү 148 миллион сомго сатып алып, банкка келтирилген чыгымдын ордун толтурган.
Мындан улам кылмыш иши кыскартылды.
Коррупцияга аралашкан. УКМК "Айыл Банктын" мурдагы кызматкерлерин кармады