БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын операцияда аскердик кызматын өтөп жатып курман болгон Россия жараны, Кыргызстанда туулган Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында бүгүн жерге берилди.
Аскердин сөөгү кечээ, 24-мартта, Канттагы авиабазага алып келинип, андан ары кичи мекени Кара-Ой айылына жеткирилген.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Россиянын жана Кыргызстандын тууларын көтөргөн эки мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн аскерлери катышты.
Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияда аскердик милдетин өтөп жатып Россия жараны, Кыргызстанда туулган, Россиянын Куралдуу күчтөрүндө келишим менен иштеген катардагы жоокер Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болгонун кабарлаган.
Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктураларга жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.