БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 25-мартта, Наманган шаарында өзбекстандыктар менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлады.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө "Маркази" стадионунда Navruz Cup 2022 турниринин жарым финалынын алкагында өтөт.
Курама команданын катарында белгилүү спортчулар: Валерий Кичин, Алимардон Шүкүров, Одилжон Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Эржан Токотаев бар.
Мындан сырткары, бүгүн Уганда менен Тажикстандын командаларынын жарым финалдык матчы Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да болот.
Билеттин баасы бир күнгө секторуна жараша 270-450 сомдун ортосунда. Билеттер стадиондун кассасында сатылууда.
Түз алып берүү боюнча Кыргыз футбол союзу кошумча маалымат берерин айтты.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.