БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жакынкы үч-төрт күндүн ичинде "Байрактар" учкучсуз аппараттарынын катышуусу менен машыгуу өтөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев аскердик техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.
"Үч-төрт күндөн кийин "Байрактар ТБ2" аппаратын колдонуу менен машыгуу өткөрөбүз. Мындан кийин биздин өлкөнүн асманын жана чек араларын "Байрактар" дагы кайтарат. Мен бир нерсени айтып коёюн, эгер биздин өлкөгө каршы кайсы бир мамлекеттен чагым жасалса, анын мизин кайтара алабыз", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын соңунда Кыргызстан Түркиядан учкучсуз аппараттарды сатып алган.