Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден: Украина аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечимди өзү кабыл алат

Журналист президентке "Ок атууну токтотуу үчүн Киев аймагынын бир бөлүгүн бериш керекпи" деген суроо берген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Украина аймагынын бир бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечимди өзү кабыл алышы керек. Бул тууралуу АКШ президенти Жозеф Байден маалымат жыйын учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Журналист ага "Ок атууну токтотуу үчүн Киев аймагынын бир бөлүгүн бериш керекпи" деген суроо берген.
"Бул Украинанын өзүнүн чечими. Украинанын катышуусу жок ал тууралуу эч нерсе дей албайбыз", — деп жооп айткан Байден.
Бирок Байден Киев бул кадамга барбайт деген ишенимде экендигин билдирген.
"Алар мындай кылбайт деп ойлойм. Бирок сүйлөшүү болгон, ага мен катышкан эмесмин. Алар чечимди өздөрү кабыл алат", — деген АКШ президенти.
Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФ Куралдуу күчтөрү аскердик инфраструктураларга жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден НАТОнун Украинадагы кырдаалга кийлигишүүсүнө жол берди