Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Небензя: Россия чыр-чатакта курман болгондордун баарына кайгырат

Шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын Украина боюнча жай тургундарды чыгарып кетүү максатында ок атууну токтотууга чакырган гуманитардык резолюциясынын долбоорун колдобой койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россия чыр-чатакта курман болгондордун баарына кайгырат. Ар бир өмүр баалуу. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости кабарлады.
Шаршемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Россиянын Украина боюнча жай тургундарды чыгарып кетүү максатында ок атууну токтотууга чакырган гуманитардык резолюциясынын долбоорун колдобой койгон.
Батыштын бир катар өкүлдөрү мындай кадамын "резолюция Украинадагы гуманитардык каатчылыкка Москваны себепкер деп тааныган эмес" деп түшүндүрүшкөн.
Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Барбара Вудворд гуманитардык каатчылыкка Россия себепкер экенин тааныбаса, кандай резолюция болбосун ага добуш бербей турганын айткан. Ошол эле учурда Вудворд Александр Солженицындин ачык каттарынын биринде жазылган "бардыгыбыз адам экенибизди эстей турчу күн келди" деген жерин окуган.
"Улуу Британия өкүлү бардыгыбыз адам экенибизди эскерткенин уктук. Тилекке каршы, көп мамлекеттер, анын ичинде Улуу Британия бул тууралуу башка эпизоддордо эстешкен эмес", — деген Небензя.
Ал Россия чыр-чатакта көз жумган адамдарга кайгырып жатканын айтып, ар бир өмүр баалуу экенин белгилеген.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: атайын операция бардык маселени камтыган келишим менен аяктайт
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Россиянын Украина боюнча гуманитардык резолюциясын четке какты