БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Финансы министри Алмаз Бакетаев 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 80 пайызга жогорулай турганын билдирди.
Бул жаатта маянаны көтөрүүнүн модели иштелип чыкканын түшүндүрдү.
"Билим берүү тармагында орто эсеп менен 80 пайызга чейин көтөрүлөт. Ошондо жаңы модель менен эсептеп чыкканда университетти жаңыдан бүтүп келген стажы жок мугалим колуна 20-21 миң сом алып калат. Бүгүнкү күндө ушул категориядагылардын маянасы 4-7 миң сом эле болууда", — деди Бакетаев.
Финансы министринин айтымында, апрелден баштап мугалим, дарыгер, маданият ишмерлери жана социалдык кызматкерлердин маянасы 50дөн 100 пайызга чейин көтөрүлөт. Бул катмарга 309 миң адам кирет, ал үчүн бюджеттен 26 миллиард сом каралууда.