БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бүгүн, 24-мартта, кыргыз-тажик чек арасында асманга эскертүү иретинде ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында чек арачылар УКМК кызматкерлери менен биргеликте кампалардын биринен пластик жүктөлгөн Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунааны табышкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн машинаны чек ара заставасына жеткирүү чечими кабыл алынган. Кампанын ээси рулду башкарып, УКМКнын эки чек арачысы аны коштоп жөнөгөн.
"Арка-Борбордук айылына жеткенде айдоочу Тажикстандын 15-20 жараны топтошуп турган жерге автоунааны токтотуп качып кеткен. Тажикстандыктар Кыргызстандын чек арачыларын кармоого аракет жасашкан. Hyudai- Porter унаасынын артында келе жаткан "Жаңы жер" чек ара заставасынын жетекчиси асманга эки ирет эскертүү иретинде ок чыгарган. Тажикстандыктар кыргыз чек арачыларын кармап кала албаганы менен бир даана огу жок Калашников автоматы менен бир радиостанцияны алып кетүүгө үлгүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарындагы чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү. Натыйжада жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынып, тажик тарап автомат менен радиостанцияны тапшыра турган болду.
Саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлөт.