Ташиев: Баткенден ары 1 кг да азык-түлүк өтпөсүн, чек арага тирүү калкан болгула!

Ташиев коңшу өлкөдө ун, кумшекер Кыргызстанга салыштырмалуу 1,5 эсе кымбат, өсүмдүк майы такыр эле жок болуп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин антикризистик чаралар жөнүндө жыйынында Баткенден коңшу өлкөгө бир эле килограмм азык-түлүк чыгып кетсе катуу чара көрөрүн эскертти.
Ал Бажы кызматы, УКМК, ИИМ, Салык кызматы биргеликте Баткендеги чек араны тыкыр көзөмөлдөө тапшырмасын берди.
"Бардык азык-түлүктү азыр ошол жакка насос сыяктуу тартып кетип атышат. Бир килограмм дагы ун, май, кумшекерди өткөрбөш үчүн чек арага тирүү калкан болуп тургула! Бул — эң негизги тапшырма. Эгер бизден азык-түлүк коңшу өлкөгө чыгып кете турган болсо... Азыр ал жакта ундун, кумшекердин баасы биздегиден 1,5 эсе кымбат, май такыр эле жок. Андыктан алар Кыргызстандан алып кетүүгө камынып жатышат. Өз кызматкерлериңерди тирүү калкан кылып койгула, бир килограмм дагы азык-түлүк өтпөсүн!" — деди Ташиев.
Ошондой эле ал өзгөчө Түштүк бажыдагылар контрабанда боюнча өтө чабал иштеп жатат деп сындады.
1-апрелде күч түзүмдөрүнүн маянасы көтөрүлбөйт. Жапаров Ташиевге жооп берди
Кыргызстанда ун, кумшекер, май чыгарган канча ишкана бар? Тизме