БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына пост жазып, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу башталганын кабарлады.
Мамлекет башчы 30 жыл ичинде өлкөдө бир метр да темир жол курулбай, тескерисинче, 42 чакырым жол жарактан чыкканын белгилеген.
"Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун кура баштадык. Бир-эки жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жылда 42 чакырым жолубузду жоготуптурбуз. Албетте, өкүнүчтүү, эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадга жеткиребиз. Ошентип, түндүк — түштүк темир жолун ачабыз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече (183 чакырым) темир жолун куруу долбоору 2005-жылдан бери айтылып келет. Акыркы ирет 2021-жылдын сентябрь айында аталган жолду куруу үчүн "Кыргыз темир жолу" ишканасы менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ЖЧКсы менен кызматташуу жөнүндө" меморандумга кол коюлганы маалым.
Биринчи этапта курула турган Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгү 63 чакырымды түзөт.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.