87 жашка толмок. Кыргыздын кыйындарынын бири Байжиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Бүгүн – белгилүү драматург, жазуучу, сценарист Мар Байжиевдин туулган күнү. Залкар инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 87 жашка толмок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Мар Байжиев – белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиевдин уулу. Илимпозду 1950-жылы КГБ кызматкерлери үйдөн кармап кетип, эки жылдан кийин Казакстандагы түрмөдө көз жумган.
Ата жолун улаган болочоктогу калемгер Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетинде окуп, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун аяктаган. Андан соң жаш талант "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген.
Жазуучунун калемине таандык "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд", "Он экинчи күн", "Төрт адам" пьесалары дүйнөнүн бир топ театрларында коюлган. Ошондой элде сценарийлеринин негизинде "Нөшөр", "Бөтөн бакыт", "Жаңы жыл алдындагы түн", "Ак илбирстин тукуму", "Чоочун бакыт", "Нөшөр", "Нокдаун", "Жиндилер поезди", "Окуя", "Алтын күз", "Жаңы жыл түнү", "Эргулдар" тасмасы тартылып экранга чыккан.
Андан сырткары, КРдин эл жазуучусу "Манас" эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору, "Манас" эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Мар Байжиев Сагынбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча "Манас" эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөмдөп которгон. II даражадагы Манас орденинин ээси 2021-жылы 29-октябрда 86 жашында дүйнө салган.
1 / 12

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында төрөлгөн

2 / 12

Жаш калемгер Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетинде билим алып, Москвадагы киносценарист жана кинорежиссерлуктун жогорку курсун бүтүргөн

3 / 12

Студенттер менен кызуу баарлашкан драматург. 1983-жыл

4 / 12

Режиссер Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасын тартуу учуру. Анын сценарийин Мар Байжиев жазган.

5 / 12

Кыргыз элинин каймактары: Чыңгыз Айтматов менен Мар Байжиев. 1984-жыл

6 / 12

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев менен драматург Мар Байжиев. "Ак илбирстин тукуму" киносун тартуу маалы.

7 / 12

Драматург Мар Байжиев, Кыргыз ССРинин кинематография боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиев, режиссер Төлөмүш Океев жана жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков. 1983-жыл

8 / 12

Белгилүү режиссер Геннадий Базаров жана сценарист Мар Байжиев

9 / 12

Белгилүү төкмө акындар: Замирбек Үсөнбаев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жазуучу Мар Байжиев

10 / 12

Мар Байжиев – "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого чоң салым кошкондордун бири

11 / 12

Киночулар: белгилүү оператор Нуртай Борбиев менен Мар Байжиев. 2002-жыл

12 / 12

Өмүрүн маданият, адабиятка арнаган инсан 2021-жылы 29-октябрда 86 жашында дүйнө салган