Жапаров санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басарын иштен алды

Тиешелүү документтерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Айнура Туйбаева менен Медербек Курманбеков санариптик өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү документтерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Туйбаева министрдин биринчи орун басары болчу.
Буга чейин Sputnik агенттиги министрлердин орун басарлары тууралуу материал даярдаган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Бишкектеги Октябрь райондук милициясына жаңы жетекчи келди