Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын жаңы оңдолгон травматология бөлүмүнө барды

Бул бөлүм 1-апрелден тарта толук кандуу иштеп, бейтаптарды кабыл ала баштай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө пландан тышкары барды

2 / 5

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматы боюнча, оорукананын аталган бөлүмү 2011-жылдан бери иштебей бош туруп, начар абалга келген

3 / 5

Быйыл имарат оңдолуп, бейтаптарды кабыл алуу жарым-жартылай башталган

4 / 5

Мамлекет башчы барган учурда Саламаттык сактоо министрлиги менен имаратты оңдогон компаниялардын биринин ортосунда талаш жараткан жагдайлар бар экени белгилүү болуп, маселе президенттин көзүнчө чечилгени кошумчаланды

5 / 5

Корпус ушул жылдын 1-апрелинен тарта толук кандуу иштеп, бейтаптарды кабыл ала баштай турганы белгиленди

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматы боюнча, оорукананын аталган бөлүмү 2011-жылдан бери иштебей бош туруп, начар абалга келген. Быйыл имарат оңдолуп, бейтаптарды кабыл алуу жарым-жартылай башталган.

"Жапаров 150дөн ашык орунга эсептелген травматологиялык корпустун оңдолгон имаратын көрүп чыкты. Ал жакта заманбап талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар, операциялык блок жана жандандыруу палаталары бар. Президент Улуттук госпиталдын кызматкерлери менен баарлашып, алардын эмгек акы, медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо жана чет элдик клиникалар менен кызматташууга байланыштуу суроолоруна жооп берди. Ал өлкө жарандарын турак жай менен камсыз кылууга багытталган жеңилдетилген ипотекалык насыялоо боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын белгиледи", — деп жазылат маалыматта.

Мамлекет башчы барган учурда Саламаттык сактоо министрлиги менен имаратты оңдогон компаниялардын биринин ортосунда талаш жараткан жагдайлар бар экени белгилүү болуп, маселе президенттин көзүнчө чечилгени кошумчаланды. Корпус ушул жылдын 1-апрелинен тарта толук кандуу иштеп, бейтаптарды кабыл ала баштай турганы белгиленди.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Чүйдө жеке ишкер лифт чыгаруучу ишкана ачты. Сүрөттөр
Жалал-Абаддагы облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмү оңдолду. Сүрөт